Крымдын статусу жөнүндө референдум 30-мартка чейин өтүшү мүмкүн. Муну бүгүн, 4-мартта өлкөнүн премьер-министри Сергей Аксенов (сүрөттө) билдиргенин ММКлар жарыялашты. “Менимче, референдум 30-мартка чейин өтөт”,- деген Аксенов бул боюнча акыркы чечим парламенттин кийинки отурумунда белгилүү болорун айтты.
Айта кетсек, буга чейин Крым парламенти референдумду 25-майга белгилеген эле.