Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго, Нью-Йорк жана Филадельфияда жашаган кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешет. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, майрамга Кыргызстандын таланттуу ырчылары Кубаныч Сатаев, Аскат Мусабеков, Алтынай Нарбаева, Нурлан Насип, Кундуз Канатбек кызы, Кубаныч Ажыбаев, Сайкал Садыбакасова жана Элмирбек Иманалиев чакырылды.
"Кыргыз, салам!" аттуу кыргызстандыктардын бирикмеси АКШда 5 жылдан бери иш-чараларды уюштуруп келет”,- деп билдирет “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы.