Жарандардын салык декларациясын берүү мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартылмакчы

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин депутаттык тобунун жалпы жарандык салык декларациясын берүү мөөнөтүн 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартуу демилгеси 3 окууда жактырылды.

Мыйзам демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Бакировдун айтымында, өткөн жылдын аягында 2013-жыл үчүн жалпы жарандык салык декларациясын берүүгө жетишпей калышкандыгынан улам көптөгөн жарандардан анын мөөнөтүн узартып берүү тууралуу кайрылуулар түшүүдө. “Мисалы, декларация берүү маалында 7 миң адамга бланк жетпей калган. Ушул кезге чейин декларация формасы бекитиле элек. Биз анын мөөнөтүн 2014-жылдын 1-майына чейин узартуу чечимине келдик”,- дейт ал.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев декларация берүү формасын бекитүү маселеси өкмөттө каралып жатканын айтты. Ал жалпы жарандык салык декларациясын берүү мөөнөтүн 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартуу өтүнүчүн айтып, кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан