Кыргызстанда 19-20-март күндөрү 3 айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо өтөт. Мындай чечим бүгүн, 4-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды. Шайлоо өтчү айылдар төмөнкүлөр:
- Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтү (19-март);
- Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтү (20-март);
- Кемин районундагы Боролдой айыл өкмөтү (20-март).