Ош. Алай районунда Мамлекеттик желек жана Ак калпак күнү белгиленди

Алай районунун борбору Гүлчө айылында 3-Март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнү, 5-Март - Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз катчысы Кыялбек Мажитов билдирди. 

Катышуучулар Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдынан Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейине чейин жөө жүрүштөн өтүштү. Акцияга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Зикиров, Ош облусунун эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн өкүлү И.Эрматов, Т.Белекбаев жана башкалар катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөгөн сөздөр айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан