Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 4-мартта Украинадагы кырдаал боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда президент Крымдын аймагына орусиялык аскер күчтөрүн киргизбей турганын айтты. “Азырынча андай зарылчылык жок”,- дейт Путин.
Орусия президенти аскер күчтөрү коңшу өлкөгө жарандары коргоого муктаж болуп турган учурда гана киргизиле турганын белгиледи.