Бүгүн, 4-мартта Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик институтунда студенттер арасында ой чабыты боюнча интеллектуалдык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет.
"Ой чабыты" интеллектуалдык клубунун жетекчиси Барно Хасанова: “Мындай оюндар ар жылы февраль, март айларында өткөрүлөт. Катышуучулар 4 командага бөлүнүштү, ар тармактан жана Кыргызстанга тиешелүү логикалык суроолор болду. Ар бир жаран өзүнүн мекени тууралуу билүүсү шарт. Мындай кызыктуу оюндар студенттердин билимге умтулуусун, кызыгуусун арттырат деп ойлойм”,- дейт.
Белгилей кетсек, окуу жай тарабынан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан оюнга 7 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
1-орунга 1600 сом, 2-орунга 1200 сом, 3-орунга 1000 сом, ошондой эле 4-орунга 800 сом бөлүнүп, сыйлыктар өз ээлерине тапшырылды. Катышуучулардан сырткары келип көргөн студенттер арасында да суроо-жооптор болуп, аларга да акчалай сыйлыктар каралган.