Путин: “Крымды Орусиянын аймагына кошуп алуу маселеси каралган жок”

Орусия Крымды өз аймагына кошуп алуу маселесин караган жок. Муну бүгүн, 4-мартта маалымат жыйында Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди. Айтымында, Крымдын жарандары гана өлкөсүнүн тагдырын аныкташы керек. Путин Украинанын жаңы бийлигин легитимсиз деп эсептеп, тааныбай турганын да кошумчалады. 

Айта кетсек, 1-мартта Путин Украинанын аймагына аскер күчтөрүн киргизүү сунушун Федерация Кеңешине киргизген. Кеңеш сунушту бир добуштан колдоого алган эле. Бул аракетти Батыш өлкөлөрү кескин сындап, Орусия эл аралык келишимдерди бузуп жатканын айтышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан