Ысык-Көл. Караколдо КТРКнын Байкоочу кеңеши коомчулук менен жолугушуу өткөрөт
КТРКнын Байкоочу кеңеши
Караколдо 2-ноябрда жаштар арасында жолугушуу өткөрмөкчү. Иш-чаранын максаты - Коомдук
телерадиоберүү
корпорациясы менен телекөрүүчүлөрдүн ортосунда эффективдүү карым-катнашты түзүү. Учурда облустун бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү массалык маалымат
каражаттарынын кызматкерлери, жалпысынан 40тай адам жолугушууга катышары күтүлүүдө. Мындан ары бул сыяктуу
жолугушуулар арбын болуп турмакчы.