Ош. Мэр Айтмамат Кадырбаев айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бардык айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу айымдар, апалар, эжелер, карындаштар!

Сиздерди жеке өзүмдүн атымдан жана жалпы жамааттын атынан 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм! Жергебизге жаздын келиши сиздердин майрам менен башталат. Аялзаты – үй-бүлөдө гана эмес, өлкөдө да тынчтыкты, стабилдүүлүктү, ынтымакты жана мамлекеттин гүлдөп-өсүүсүн камсыздай алган кубаттуу күч. Аялзаты коомдогу бардык күчтөрдү ынтымакка келтирип, келечек үчүн, өлкө үчүн бириктире алат. Жергебизде тынчтык болуп, бейпилдик орносун!

Урматтуу апалар, энелер, эжелер, сиздерди кирип келген жаз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, дайыма кубаныч, сүйүнүч, бакыт, ийгилик коштоп жүрүшүн каалайм! Дайыма бар болуңуздар!"

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан