Донор аскер кызматкерине кан бергенден кийин кошумча дем алыш күнү берилет

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 4-мартта КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Айта кетсек, “Кан жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө” жана “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Донор болуп саналган аскер кызматкерине кан бергенден кийин кошумча дем алыш күнү берилмекчи.

Комитет мүчөлөрү маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан