Украинада бийлик алмашкандан кийин Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери Виктор Януковичти кармоого аракет кылып, бирок Севастополь аймагынан аны жоготуп жиберишти. Муну бүгүн, 4-мартта Украинанын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жаңы башчысы Валентин Наливайченко билдирди. “Виктор Фёдоровичке аны кармоо үчүн Башкы прокуратура менен соттун чечимин мыйзамдуу билдирүүгө кармоо тобу даяр турган болчу”,- деген Наливайченко бул окуя кантип болгонун айткан жок.
“Анын Ростов-на-Донуда пайда болушу чоң суроо. Аны ал жакка ким жеткиргени белгисиз”,- дейт Наливайченко.