Баткен районунда 1-апрелден тарта Ак-Сай – Рават жолу боюнча өткөөл каттам ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков 4-мартта айыл тургундары менен жолугушуу учурунда маалым болду. Муну бүгүн, 5-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол ачылгандан кийин чек арага жакын айылдардын тургундары эч кандай тоскоолдуксуз Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрө алышат.
Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө чек ара тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу, таза суу жеткирүү, чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселелери көтөрүлдү.
Эске салсак, Ак-Сай – Рават жолу февраль айынан тарта курула баштаган.