Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкек мэриясынын ишиндеги бир катар көйгөйлөрдү тизмектешти. Шаар жетекчилигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана капиталдык курулуштарга бюджетти көбөйтүү зарылдыгын ортого салышты.
Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы К.Иманалиев Жогорку Кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешинин ортосунда тутумдуу кызматташуу түзүлүшү керектигине токтолду. Шаардык кеңеш шаардыктардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү үчүн шаардык кызматтарга иштерди багыттоо менен маанилүү иштерди аткарып жатканын билдирди. Ошондой эле ал шаар жетекчилигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана капиталдык курулуштарга бюджетти көбөйтүү маселесин кароого даярдыгын кошумчалады. Депутат Жылдызкан Жолдошова шаардык долбоорлорду каржылоо маселелерин жөнгө салуу үчүн бардык донорлорду жана мэрия өкүлдөрүнүн бирдиктүү жолугушуусун уюштурууну сунуштады. Мындан сырткары ал шаарды жашылдандыруу, аймактарын тартипке салуу маселелерине көбүрөөк көңүл буруу керектигин белгиледи. Шаар бюджетин көбөйтүү зарылдыгын колдогон депутат Бахтияр Кадыров социалдык объектилердин жетишсиздигин айтты. Жолугушуунун соңунда Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов жемиштүү жолугушуу болгонун жана кызматташуу сунуштарынын маанисин белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгын билдирди.