Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды жана кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.
"Бүгүн Ак калпак күнү. Ар бир кыргызстандыктын башынан ак калпак түшпөсүн. Ак калпактай бийик бололу. Баарыңыздарды чын дилден куттуктайм",- деди төрага. Айта кетсек, бүгүн борбор шаарда бул майрамдын урматына иш-чаралар өтөт.