Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Япониядагы эл аралык көргөзмөгө коюлат

4-7-март күндөрү Япониянын Токио шаарында «FoodEx Japan» Эл аралык тамак-аш көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган көргөзмөгө алгачкы жолу катышып жаткан Кыргызстан бир нече продукциясын коёт. Тактап айтсак, "Экопродукт Азиянын" табигый ширелери, "Дары Тянь-Шань" ишканасынын тоо балы жана "Кыргыз коньягы" ишканасынын коньяк, бальзамдары эл сынына коюлмакчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өндүрүлгөн бул продукциялар буга чейин да бир катар өлкөлөрдө татыктуу баага ээ болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан