Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутат Талант Узакбаев акыркы аптада 3 бир тууганына кылмыш иши козголгонун айтты. Депутат өзүнө да куугунтук болуп жатканын билдирди.
“Кылмыш ишин козгоонун да чеги болот. Туугандарыман сурасам, эмнеге кылмыш иши козголгонун билбей турганын айтышты. Өмүрү мамлекеттик органда иштебеген уулумду куугунтуктап, канча мүлкү бар экенин билгиси келип жатышат. Менин мүлкүмө кызыгышууда. Мага келсин, өзүм эле айтып берем, канча үйүм, канча машинам бар экенин. Коррупцияга каршы күрөшүү комитети паракорчулукка каршы күрөшүү менен алектенбей, малчылар менен, болбогон иштер менен алектенип жатат”,- дейт Узакбаев.