Элчилик: "Орусияда согушка жалпы мобилизациялоо жарыяланды" деген кабар чындыкка туура келбейт"

Кечээ, 4-мартта редакциябыздын почтасына duishonkalbekov@gmail.com электрондук дарегинен “Орусия Федерациясында согушка жалпы мобилизациялоо жарыяланды” деген мааниде кат түшкөн.

Бүгүн, 5-мартта SUPER.KG порталы Кыргызстандагы Орусиянын элчилигине ушул маселе боюнча кайрылганда, мекеменин басма сөз кызматчысы Дарья Пахомова: “Мобилизациялоо боюнча кабар чындыкка туура келбейт. Бул чагымчылардын кылган иши болушу мүмкүн. Орусия Федерациясы боюнча так маалыматты КРдагы Орусиянын элчилигинин расмий сайтынан алсаңыздар болот”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан