Депутаттар доллардын курсунун кескин өсүп кетиши боюнча маселени кароону сунуштап жатышат

Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутаттар өлкөдө доллардын курсунун кескин өсүп кетиши боюнча маселени тез арада кароону сунушташууда. Депутат Курмантай Абдиев Улуттук банктын ишин сынга алды.

“Улуттук банктын төрагасынын орун басары теледен чыгып сүйлөп жатат, “баары жакшы, кооптонууга эч кандай негиз жок” деп. Момпосуй жеп чоңойгон адам окшойт, жүзүнөн кооптонуу сезими байкалбайт. Улуттук банктын жетекчилиги келип бизге маалымат берсин, биз да ошого карап элге түшүндүрөлү”,- деди Абдиев.

Сунушту башка депутаттар да колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан