Өкмөттү жактаган депутат Каныбек Иманалиев кесиптеши Исмаил Исаковдон катуу сын укту

“Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоону депутаттар хобби кылып алышты”,- деп билдирди ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев. Айтымында, ишеним көрсөтпөө үчүн кол коюп берген 12 депутат колун кайра чакыртып алды.

“Бул иш мыйзам жана салт-санаанын негизинде гана чечилиши керек. Өкмөттү кетирүү маселесин анын отчётун уккандан кийин гана карашыбыз керек”,- деди.

Мындан кийин сөз алган депутат Исмаил Исаков кесиптешин катуу сынга алды.

“Таарынбастыр, айрым инилерим эмне Айдан түшүптүрбү? Айлананы карабайлыбы, баалар кымбаттап кетти. Бизнесмендер товарын катып отурушат. Өкмөттүн бир дагы өкүлү чыгып, “мындай иш кылып жатабыз” деп сүйлөп койгон жок. Биз өкмөткө “иштей албасаң, элди кыйнабай кет” деп жатабыз”,- деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан