2014-жылдагы Бишкек шаарынын бюджети социалдык тармакка багытталган

2014-жылдагы шаардык бюджет социалдык тармакка багытталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов бүгүн, 5-мартта билдирди.

Анын айтымында, билим берүүгө – 32 пайыз, саламаттыкты сактоого – 22,8 пайыз, социалдык коргоого  4,0 пайыз, маданият, спорт жана коомдук уюмдарга – 3,8 пайыз. Бул жалпы бюджеттин 62,6 пайызын түзөт.

Ошондой эле шаардык кеңештин төрагасы бюджет жылдан-жылга өсүп жатканын белгиледи.

Айта кетсек, бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын бюджети боюнча коомдук угуу болуп жатат. Анда 2014-жылга шаардын бюджети кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан