ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн бала уурдоо маселеси кайра кайталанганын айтып чыкты. Депутат бул окуя боюнча төрага Асылбек Жээнбековду да сындады. “Мурунку окуя болгондо бул ишти Жогорку Кеңеште кароону айтсам, сиз “комитет карайт” деп койдуңуз эле. Комитет эч нерсе чече албайт. Кечээ жакында дагы бир баланы алмаштырып коюптур, бул эмне деген шумдук? Бала деп ата-эне эмнелерди гана кылбайт. Медайымды иштен бошотуптур, бул ишти башчылары жасап жатышат”,- деди Мамырова.