Өкмөткө парламенттин ишеним көрсөтпөө маселеси мыйзам чегинде чечилет. Муну төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 5-марттагы жыйынында билдирди. “Бардык нерсенин жол-жобосу бар, бул маселени алгач комитет карап чыгат. 47 кол топтолгону жана 12 депутат колун кайра чакыртып алганы айтылып жатат. Менде азырынча так маалымат жок”,- деди төрага.
Депутат Кожобек Рыспаев “эгер өкмөттүн өкүлдөрү чын эле депутаттардын үйүнө чейин барып сүйлөшүү жүргүзүп жатышса, андай өкмөттү кетириш керек болот” деген пикир айтты.