Парламенттин 5-марттагы жыйынында депутаттар Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун иштешине каршы жашоочулар кайра митингге чыкканы жатышканын айтышты. Маалыматты айткан депутат Туратбек Мадылбеков бул маселеге тез арада чара көрүү зарыл экенин билдирди.
Эскерте кетсек, аталган заводдон чыккан жагымсыз жыттын айынан жаш балдар ооруп жатканын айтышкан Жайыл районунун тургундары буга чейин бир нече жолу митингге чыгышкан. ЖКнын мурунку жыйынында депутат Мадылбеков бул боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, бирок колдоо таппай калган эле.