Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында ГМО (гендик модификацияланган организм) азыктарын өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу сала турган мыйзам долбоору каралууда. Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Дамира Ниязалиева бул мыйзам элдин сапаттуу азык-түлүк колдонушу үчүн иштелип чыкканын айтты.
“Мыйзам 2015-жылдан тарта иштеп баштайт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 32 миллион сом бөлүнүшү керек, ал акчага тийиштүү лабораториялар курулат”,- дейт Ниязалиева.
Генетикалык модифицирленген организм (ГМО) - жасалма азыктар, башкача айтканда, атайын химиялык каражаттардын жардамы менен өндүрүлгөн жер-жемиштер.