Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын астында Украинадагы окуяларга байланыштуу акция өтөт

Бүгүн, 5-мартта саат 12:30да Жогорку Кеңештин имаратынын астында Украинадагы окуяларга байланыштуу акция өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, активист Азамат Тынаев социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, иш-чара жарым саатка созулат. Анда ЖКнын депутаттарына кайрылуу жасалат.

“Акцияга досторум, тааныштарым жана Украинанын бөлүнбөстүгүн колдогон адамдар чакырылды. Иш-чара “Украинанын эгемендүүлүгү - Кыргызстандын эгемендүүлүгү” деген ураандын астында өткөрүлөт”,- дейт активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан