Өкмөттү отставкага кетирүү үчүн 47 депутат кол койду (тизме)

Бүгүн, 5-мартта ЖКнын жыйынында “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү отставкага кетирүү үчүн 47 депутат кол койгондугун билдирди.
Ал мындай ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө "Кумтөр", чек ара, кримчөйрөнүн өкүлү Батукаевдин абактан бошотулуусу, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдөгү мыйзам бузуулар, электр энергияга болгон бааны көтөрүү аракеттери, кыш мезгилинде мурда өчүрүлбөйт деп убада кылынганы менен, жарыктын байма-бай өчүрүлгөндүгү жана акыркы убакта азык-түлүктүн баасынын кескин жогорулашы себеп болгондугун айтты. 
Ал өз сөзүндө: “Акыркы мезгилде өлкөбүздүн экономикасы бир катар кризистик өзгөрүүлөргө дуушар болуп, Кыргызстандын акча рыногунда улуттук валютанын долларга карата курсу күндөн-күнгө өсүп, эл дүрбөлөңгө түшүүдө. Кыргызстанга келген импорттолгон товарлар жана азык-түлүктөрдүн баасы акыркы бир жуманын ичинде эле 5 пайыздан 39 пайызга чейин көтөрүлдү. Кескин түрдө кризиске учуроо – өкмөттүн алсыздыгы жана шалаакылык мамилеси ачыктан-ачык байкалып, акча рыногун тескей албай жатат деп айтууга болот”,- деди.

Ишеним көрсөтпөө үчүн кол койгон депутаттардын тизмеси:  

1. Арипов Назарали Турдалиевич

2. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

3. Султанбекова Чолпон Аалыевна

4. Дыйканбаев Курманбек Сапарович

5. Сабиров Максат Эсенович

6. Аманбаева Урмат Абдилашимовна

7. Обдунов Элмурат Абдувапович

8. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

9. Бокоев Кенжебек Сатымкулович

10. Бекматов Абдыжапар Гапырович

11. Акназарова Роза Корчубековна

12. Алимбеков Нурбек Каарыевич

13. Эшимов Акылбек Жусупович

14. Абдиев Курмантай Абдиевич

15. Айтматова Ширин Чыңгызовна

16. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна

17. Алымбеков Замирбек Маданбекович

18. Алымбеков Эркинбек Жумабаевич

19. Артыков Анвар Артыкович

20. Бадыкеева Нуржана Нуралиевна

21. Балтабаев Ташполот Балтабаевич

22. Досалиев Акуналы Атамырзаевич

23. Жумабеков Дастанбек Артисбекович

24. Иманалиева Элмира Сансызбаевна

25. Исаков Исмаил Исакович

26. Кадырбекова Майрамкан Мамытовна

27. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

28. Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич

29. Кочкарова Эрнистина Азрет-Алиевна

30. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

31. Левина Татьяна Владимировна

32. Мадылбеков Туратбек Мадылбекович

33. Маматалиев Абдырахман Мадакимович

34. Мамырова Бөдөш Аманбаевна

35. Молдобаев Нарынбек Молдобаевич

36. Мурзабеков Кантемир Зулумович

37. Нарматова Надира Азимовна

38. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич

39. Осмонов Курманбек Эргешович

40. Өмүрбеков Курманбек Касымбекович

41. Садырбаева Гүласал Садырбаевна

42. Самаков Карганбек Садыкович

43. Сапарбаев Жоомарт Рахатович

44. Сулейманов Бахадыр Искакович

45. Шаршеев Бакыт Октябрович

46. Шин Роман Александрович

47. Абдырахманов Алишер Орозбаевич

Эске салсак, өкмөттү отставкага кетирүү туурасында кол топтоо демилгесин 6-февралда парламент өкмөттүн “Кумтөр” долбоору боюнча канадалык инвесторлор менен түзгөн меморандумун жактыргандан кийин “Республика” фракциясы көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан