Бүгүн, 5-Март - Ак калпак күнүнө карата Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында салтанатка даярдыктар жүрүп жатат.
Азырынча улуттук оюндар ойнолуп, аянтка келген элдин саны улам артып баратат. Алгач мектеп окуучуларынын арасында “Ак терек, көк терек” оюну, андан соң ЖОЖдордун студенттеринин арасында аркан тартыш ойнолду.
Уюштуруучу топтун мүчөлөрүнүн билдиргенине караганда, концерттик программа 13:00дө старт алат. Анда жергиликтүү ырчылар патриоттук ырларды аткарышат.