Жалал-Абадда "Таза короом, таза көчөм, таза шаарым!" аталышындагы 3 айлык ишембилик жарыяланды

Жалал-Абад шаарынын аймагын таштандылардан арылтуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык жана инженердик инфраструктурасынын абалын жакшыртуу максатында «Таза короом, таза көчөм, таза шаарым!» аталышындагы 3 айлык ишембилик өткөрүү жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир аймактык башкармаларга, мекеме-уюмдардын жетекчилерине өз аймактарында жарыяланган үч айлыкты өткөрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгып жана алардын аткарылышын камсыздоо жүктөлдү.

Ошондой эле иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматтардын ар жуманын ишемби күнү саат 12ден кечиктирбей берилиши мэриянын тиешелүү тармакты тейлеген бөлүмдөрүнө милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан