Курмантай Абдиев: “Азыркы соодагерлерди элдин убал-сообу кызыктырбайт, товары өтсө болду”

“Азыркы соодагерлерди элдин убал-сообу кызыктырбайт, товары өтсө болду”,- деп билдирди ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев. Айтымында, ГМО азыктарын өлкөгө алып кирүүгө жана өндүрүүгө ойлонбой туруп тыюу салыш керек. 

“Азыркыдай соодагерлерди кыргызда "кызыл кулактар" деп коёт, аларды элдин убал-сообу кызыктырбайт. Соодасы жүрүп турса болду. ГМО азыктарынын зыяны биринчи муунга тийбейт, кийинки муунду тукумсуздукка алып барат. Муну адистер айтышууда. Буга чек койбосок, 4 миллиондой элибизди жок кылып алабыз”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан