ЖКнын 5-марттагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева "ГМО азыктары боюнча мыйзамдын тегерегинде кооптонуу бар, бирок саясий эрк көрсөтүп, кабыл алышыбыз керек" деп билдирди. Айтымында, мыйзамды кабыл алуу - учурдун талабы. "Ооба, баалардын кымбаттап кетиши, эл аралык келишимдер, мыйзамды аткаруу ыкмасын өкмөттүн табышы боюнча кооптонуулар бар. Бирок бир нерсени эске алыш керек. Адамдагы оорулардын көпчүлүгү анын жеген тамагынан көз каранды. Генетикалык модифицирленген организмдин азыктары көптөгөн ооруларды жаратат",- деди Ниязалиева.
Генетикалык модифицирленген организм (ГМО) - жасалма азыктар, башкача айтканда, атайын химиялык каражаттардын жардамы менен өндүрүлгөн жер-жемиштер.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.