Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-мартта ата-энелерге алимент чектөө жана төлөө кепилдиктерин, баланын мүлккө менчик болуу укугун жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, балдарды тарбиялоого жана жетиштүү багууга ниети жок айрым ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.
Мыйзам долбоорунда КРнын Үй-бүлө кодексинин айрым беренелерине да бир катар толуктоолорду киргизүү сунуш кылынууда. Баланын кызыкчылыгын коргоо максатында 125-беренени жаңы ченем менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, алименттик милдеттенмелерди аткаруунун эсебинен балага берилген мүлк өндүрүп алууга жатпоого тийиш. Ал эми ошол мүлктү бала эрезеге жеткенге чейин менчиктен чыгаруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен гана ишке ашырылат.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.