Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 5-мартта Ак калпак күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда калпак кийген агайлар менен студенттердин катышуусунда акция болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат катчысы Жылкычы уулу Кубаныч билдирди.

Аталган иш-чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, институттун борбордук аянтына бийиктиги дээрлик 2 метрге жакын болгон калпактын макети орнотулду. Акциянын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан калпакты даңазалоо максатында баракчалар таратылды. Ошондой эле окуу жайдын ардагер агайлары катышуучуларды майрамы менен куттуктап, мырзаларды калпак кийип жүрүүгө үндөштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан