Жалал-Абад шаардык санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазасы жыл башынан бери 378 жолбун итти атып жок кылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров: “Кутурма жана ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Анткени көчө кезген иттер мектеп окуучуларына өзгөчө коркунуч жаратууда. Жазында таштанды ташталуучу жайларда жолбун иттер көбөйдү. Ошол себептен күндө таңкы саат төрт-бештерде, көчөдө адамдар жокто атайын рейд уюштурулуп, жолбун иттер жана мышыктар атылып жатат”,- деп маалымдады.
Белгилей кетсек, 2013-жылы 2474 ит атылып, атайын ташталуучу жайларга жеткирилген жана 2930 ок чыгымдалып, жалпы 146 500 сом сарпталган.