Крым өкмөтү Жогорку Раданын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартышты. Муну бүгүн, 5-мартта Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов (сүрөттө) билдирди. Айтымында, Киев бийлигин легитимсиз деп эсептегендиктен, Крым сүйлөшүү жүргүзүүгө азырынча макул эмес. Буга чейин Жогорку Рада крымдык депутаттар менен жолугушуу болуп, ал өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген эле.
Айта кетсек, Крым парламенти кабыл алган чечимге ылайык, 30-мартта өлкөнүн статусу боюнча референдум өтөт.