Беш убактылуу кармоочу жайда медициналык кызмат көрсөтүү боюнча долбоор ишке ашырылат

Бүгүн, 5-мартта КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун төрагалыгы алдында убактылуу кармоочу жайларда медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча КР Өкмөтүнүн жумушчу тобунун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Белгилей кетсек, бул пилоттук долбоорго Эл аралык Кызыл Жарым Ай комитети техникалык колдоо көрсөтүүдө. КРнын Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтери менен Эл аралык Кызыл Жарым Ай комитетинин ортосунда 2013-жылдын декабрь айында кол коюлган. Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумуна ылайык, алгачкы медико-санитардык жардам кызматын көрсөтүү долбоору өлкөнүн Бишкек, Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарларынын беш убактылуу кармоочу жайларында ишке ашырылат.

Буга алгачкы медициналык-санитардык жардамга, убактылуу кармоочу жайларына келип түшкөн ар бир жаранды өз учурунда медициналык кароодон өткөрүү, болгон дартын аныктоо жана аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан дарылоо иштери кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан