Декларация тапшырууга милдеттүү мамлекеттик кызматкерлердин 98,4 пайызы тиешелүү документтерди өз убагында тапшырышкан. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев билдирди.
Анын айтымында, 1-мартка дейре саясий кызматты ээлеген 1616 адам жана 99 муниципалдык кызматкер өз кирешелери туурасында декларация тапшырууга милдеттендирилген.
Айта кетсек, мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн жана кирешелерин декларациялоо иши өлкөдө 2004-жылдан бери жүргүзүлүп келет.
Ал эми муниципалдык кызматкерлер декларацияны алгачкы жолу быйыл тапшырып жатышат.