Бүгүн, 5-мартта өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев «Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2014» VIII Эл аралык көргөзмө-жарманкесинин меймандарына жана катышуучуларына куттуктоо жолдоду.
“Урматтуу «Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2014» VIII Эл аралык көргөзмө-жарманкесинин меймандары жана катышуучулары! Жеңил өнөр жай тармагы Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошууда. Он миңдеген жумушчу орундары түзүлүп, мамлекеттин экспорттук потенциалы кыйла жогорулады. «Кыргызстанда жасалган» деген белгиси бар продукция жаңы рынокторду багындырып, өлкөнүн эн тамгасына, жогорку сапаттын таанымал брэндине айланды.
Учурда текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы - Кыргызстандын экономикасынын алдынкы тармактарынын бири. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында Кыргызстанда текстиль-кийим тигүү өнөр жайынын технополистерин түзүү боюнча өкмөт тарабынан кызуу иш жүргүзүлүүдө. Ушул эл аралык көргөзмө-жарманке тажрыйба алмашууга жана ишкердик байланыштарды чыңдоого кеңири жол ачат деп ишенем. Ишиңер ийгиликтүү болсун, жаңы идеялар жаралып, өз ара пайдалуу келишимдер түзүлүшүнө тилектешмин!"- деп жазылат куттуктоодо.