Жогорку Кеңеште депутаттар бир катар майрамдарды дем алыш күндөрдүн катарынан алып салууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Буга депутат Исмаил Исаков кескин каршы чыкты.
“Өкмөт 21-Марттын жөнөкөй эле майрам болушун каалап жатат. Мына 1-Январь - Жаңы жылды майрамдайбыз. Кимдин майрамы? Ал эми кыргыздын өзүнүн майрамы - Ноорузду эл эми гана майрамдоого көнүп келе жатат. Бул кандай өкмөт? Кереги барбы мындай өкмөттүн? Булар абдан ыйык нерсеге кол салып жатышат”,- деди Исаков.
Экономикалык жактан алганда да бул сунуш туура эмес экенин айтат депутат.
Айта кетсек, өкмөт 1-Майды, 7-Ноябрды жана 23-Февралды эс алуу күнү катары белгилөөнү токтотууну сунуштап жатат.