Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жабык бойдон турат

Кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү бекеттери жабык бойдон турат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. 
Белгилей кетсек, кечээ тажик маалымат каражаттарында "Кыргызстан менен Тажистандын чек арасы ачылат. Мындай чечим 3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында делимитация жана демаркация маселеси боюнча Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда кабыл алынды" деген маалымат тараган эле. 
Эскерте кетсек, 11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, кыргыз тарап Тажикстандын аймагы менен чектешкен чек ара бекеттерин жапкан. Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдарынын ортосунда бир катар жолугушуулар болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан