“Каалайбызбы, каалабайбызбы, Орусия менен биздин тарыхый байланышыбыз бар”,- деп билдирди ЖКнын 5-марттагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Айтымында, 1-Май менен 7-Ноябрды майрам катары дем алыш күндөрүнүн катарынан алып салуу аракети – маңкуртчулук.
“Украинада баш аламандыкта Лениндин эстелигин талкалоого өтүштү, Кутузовго чейин жетишти. Мына бүгүн өлкөсү экиге бөлүнгөнү турат. Каалайбы, каалабайбы, бул эки элдин тарыхы бир. Биздин дагы Орусия менен тарыхый байланышыбыз бар, муну четке кага албайбыз. 1-Май менен 7-Ноябрь мамлекеттик майрам бойдон калышы керек”,- деди Текебаев.
Айта кетсек, өкмөт 1-Майды, 7-Ноябрды жана 23-Февралды эс алуу күнү катары белгилөөнү токтотууну сунуштап жатат.