Жалал-Абад. Таштандылар боюнча рейддин алгачкы жыйынтыгы чыгарылды

Жалал-Абад шаарынын тургундары таштандыларды челектерге салып, калаа тазалана баштады. Эки айдан бери уланып келе жаткан таштандылар боюнча рейддин алгачкы жыйынтыгы чыгарылды. Кечинде таштандыны туш келген жакка ыргыткан 4-5 тургун кармалып жатса, учурда алардын саны азаюуда. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Санитардык тазалыкты сактоо атайын автобазасынын жетекчиси Төлөнбек Бакиров: “Шаарыбыздын тазалыгын сактоо үчүн атайын кечки рейддерди уюштурганбыз, учурда көчөлөр бир кыйла иретке келип, жашоочулар таштандыны челектерге сала баштады. Ал эми айрым кармалган тургундар үчүн жеринде акт түзүлүп жатат”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан