Кыргызстанда 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү токтотуу боюнча өкмөттүн сунушун депутаттар колдошкон жок

Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү токтотуу боюнча өкмөттүн сунушун депутаттар колдобой коюшту.  

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, 23-Февраль – Мекенди коргоочулар күнүн, 1-Май – Эмгек күнүн, 7-Ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнүндөгү дем алыш күндөрүн Жаңы жыл майрамына бириктирүү сунушу берилип жатат. Ал эми майрам өзү кала берет.

Талкууда депутаттар майрамдардагы дем алыш күндөрүн ары-бери которуштуруунун зарылдыгы жок экенин айтышты. Министрге катуу сындар айтылды. “Өлкөдө мындан башка маселе калбадыбы?”- деген сыяктуу сөздөр айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору кайрадан тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан