Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-мартта “Камкордук кеңештери жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору Камкордук кеңештердин ишин кеңири жайылтуу жана алардын ишин жөнгө салууга багытталган.
Депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, Камкордук кеңештин мүчөлөрү коомдук жана ыктыярдуу башталыштарда иш алып барышат. Кеңеш 11 кишиден аз эмес, бирок 15 кишиден көп эмес санда түзүлөт. Анын курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ишкерлер өкүлчүлүгү ар биринен 3 кишиден, ал эми коомдук жана башка уюмдардын өкүлчүлүгү 5 кишиден кем эмес санда кирет.
Мыйзам долбоору менен социалдык мекемелердин Камкордук кеңешинин укуктук макамы, максаты жана милдеттери аныкталары айтылды. Максаты - бала бакчалар, мектептер, карылар үйлөрү сыяктуу социалдык мекемелердеги каржылоо иштеринин ачыктыгын көзөмөлдөө аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүүнү камсыз кылуу.