Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматтан бошотулгандар да кийинки эки жыл аралыгында кирешелери туурасында декларация тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев билдирди.
Анын айтымында, 2012-2013-жылдар аралыгында 280 мамлекеттик кызматкер иштен бошотулган. Алардын 169у гана өз учурунда декларацияларын тапшырышкан.
“Мүлктү декларациялоонун максаты - мамлекеттик органдардагы жогорку жана башка кызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерин ачык-айкын көрсөтүү жана алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кирешесин декларациялоо коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолу болуп саналат. Декларация кампаниясынын биринчи этабы бүттү. Жакында андагы маалыматтардын аныктыгын аныктоо иштери жүрөт. Эгер декларациялык документ өз убагында же туура эмес толтурулган болсо, ал тууралуу маалымат мамлекеттик орган жетекчисине жөнөтүлөт. Анда жумушчуну кызматтан бошотууга чейинки жазалар каралган”,- деди Аалы Карашев.