Өмүрбек Текебаев оор кылмыштарды кечирбөө жөнүндө: "Кеп качып жүргөндөр тууралуу эмес, өзүн түшпөс хан сезип бийликте отургандар жөнүндө болуп жатат"

Парламентте бүгүн, 5-мартта оор кылмыштарды кечирбөөгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун автору Өмүрбек Текебаев демилгеге каршы чыккан депутаттарга төмөнкүдөй жооп узатты:

“Кеп кылмыш кылып коюп, кармалбай качып жүргөндөр эмес. Өзүн тактыдан түшпөс хан сезип, бийлик башында отургандар жөнүндө сөз болуп жатат. Ооба, качып жүргөндөрдүн иши токтоп турат. Бирок бизде өмүр бою бийликтен кетпей отурсам дегендер чыгып жатпайбы. Бул мыйзам Атамбаев жарыялаган коррупцияга каршы аёосуз күрөшкө да дал келет”. 

Депутат мыйзам долбоору эч кандай эл аралык келишимдерге каршы келбей турганын да билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан