Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 5-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Владимир Соловей менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу кызматташтык мамилелерин, өлкөлөр ортосундагы гуманитардык алкалар боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Асия Сасыкбаева Украинадагы абалдын тезинен турукташуусуна каалоосун билдирүү менен, адамдардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.
Маданий-гуманитардык кызматташууларды өнүктүрүү эки тараптын өз ара мамилелеринин өтө маанилүү бөлүгү болуп санала турганын да айтты вице-спикер.
Соловей кызматташтык боюнча бирдиктүү өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде кыйла оң жылыштар байкалганын, өлкөлөр ортосунда товар айлантуунун көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.