"Мерке" станциясын "Чалдыбар" деп өзгөртүү сунушталууда

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Маселе боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Мамбеталиев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору чек ара аркылуу өткөрүү пунктун - "Мерке" станциясын "Чалдыбар" деп өзгөртүп, кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөн адамдарды жана товарларды, унааларды өткөрүүнү жакшыртууга багытталганы айтылды. Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан