Бишкектин 2013-жылдагы бюджетин түзүүдө шаар тургундарынан 334 кайрылуу түшкөн

Бишкек шаарынын 2013-жыл боюнча бюджетин түзүүдө шаар тургундарынан 334 кайрылуу түшкөн. Муну бүгүн, 5-мартта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов айтты.

“Бюджеттин долбоорун кароолор эркин пикир алмашуу түрүндө өтөт. 2013-жылы шаардык бюджетти түзүү боюнча шаар тургундарынан 334 кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуулар негизинен мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин штатын толуктоо маселесине багытталган. Бардык сунуштар жана пикирлер шаардык бюджетти түзүүдө эске алынат”,- деди Аманкулов. 
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов: “2014-жылдагы шаардын бюджети үчүн коомдук кароолор өтө маанилүү. Бюджеттин 70 пайызы социалдык тармакка багытталат. Шаарды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелери жөнүндө конкреттүү сунуштарды айтуу кыйын. Бардык сунуштар реалдуу мазмунга ээ болушу керек”,- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан