Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутат
Курмантай Абдиев жаңы демилге көтөрүп чыкты. Тактап айтканда, депутат Кыргызстандын ар бир жаранына жылына 5 даанадан көчөт отургуздуруу сунушун айтып чыкты.
"Кыргызстандын токойлору суюлуп баратат. Учурда өлкө аймагынын 4,4 пайызын гана токой каптап турат. Жаратылышка "сен" дебей, "сиз" дегенге эл менен кошо баарыбыз үйрөнүшүбүз керек. Мен жыл сайын 20-марттан 20-апрелге чейин ар бир жарандын 5тен көчөт тигишин сунуштайм. Көчөттү ар кимибиз өзүбүздүн акчага сатып алабыз. Жыл сайын миллиондогон дарак көктөмөк",- деди Абдиев.
Демилгени көпчүлүк депутаттар колдоого алышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынмакчы.